«Жыл мыктылары 2021»
Ат-Башы районунда «Жыл мыктылары 2021» сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү! Бул саамалык аталган райондо 2016-жылдан бери өткөрүлүп келе жатат. Иш чара «Көйкашка» коомдук фондунун жана Кыргыз республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин демилгесинин астында Алмазбек Баатырбековдун демөөрчүлүгү менен өткөрүлдү.
Сыйлык 4 багыт боюнча…
Жылдын мыкты мугалими
Жылдын билимдүү окуучусу
Жылдын таланттуу окуучусу
Жылдын спортсмен окуучусу делинип
Ат-Башы районундагы жалпы орто мектептердин жана Кочкор, Жумгал районунан тандалган мыкты делген мугалим окуучуларга тапшырылды.
Ж.о.э
Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын ардак грамотасы
Темирова Кайыркүл
Өскөнова Айгүл
Кубанычбекова Айдай
Сүйүндүкова Саадат
Эсеналиева Асылкүл
Майрамбек кызы Бурул эжелерге тапшырылса….
Кыргыз республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамотасы
Жунусалиева Жеңишкүл Дунгановнага
Жунушева Адилет Самудиновнага тапшырылды
Ал эми билим берүүнүн отличниги төш белгиси,
Иманкулова Кундускан Нааматовнага
Көчөтова Базаркүл Жолдубаевнага Карпекова Айтолкун Борисовнага тапшырылды…! Ат-Башы районундагы жалпы билим берүү мектептеринде эмгектенип келе жаткан кыргыз тилчи жана адабиятчы мугалимдердин эмгектери бааланып жатканы бизди абдан кубандырат…!
Комментарии